Балдар интернетте чоңдордон кем эмес убакыт өткөрүшөт. Жана алардын көбүнүн өз банк карталары бар, анткени накталай эмес төлөмдөр барган сайын жашообуздун бир бөлүгүнө айланууда.
Ошондуктан кибер кылмышкерлердин балдарга жана өспүрүмдөргө көз сала баштаганы таң калыштуу эмес.
Кылмыштуу аңчылыктын объектиси: балаңыздын атына ачылган банк картасынын реквизиттери, жашыруун коддор жана сыр сөздөр – бул маалыматтар балаңыздын гана эмес, сиздин да банктык эсептериңизге кирүүгө мүмкүндүк берип коюушу мүмкүн.
Алдамчылар муну кантип кылышат?
📌 1-ыкма. Интернет-дүкөндөрдүн фейк баракчалары.
Бул барактар чыныгы маркетплейстерге эле окшош, бирок башка жерлерден товарларды арзаныраак, чоң арзандатуулар менен сунуштайт. Айтоор, сиз же балаңыз дал алардан бир нерсе сатып алышы үчүн бардыгын жасашат. Пайда көрүүгө азгырылып, сатып алуу үчүн картаңыздын реквизиттерин киргизгенден кийин, сиз товардын өзүн албайсыз (анткени дүкөн жасалма), бирок акчанын баары картадан чыгарып алынган болот.
Тобокелдиктерден кантип сактануу керек?
Бул тууралуу балаңыз менен сүйлөшүңүз. Ага ишеничтүү аянтчалар аркылуу гана сатып алууларды жасоо керектигин түшүндүрүңүз. Популярдуу дүкөндүн оригинал сайтын анын жасалма сайттарынан кантип айырмалоо керектигин айтып бериңиз, майда-чүйдөсүнө чейин көңүл буруңуз. Эң жакшысы, балаңыз менен чогуу дүкөнгө барып, товарды талкуулап тандап, ошол эле учурда акчаны туура коротууну үйрөткөнүңүз.
📌 2-ыкма. Тез эле байып кетүү.
Өспүрүмдөргө чөнтөк акча адатта жетишпей турганын алдамчылар билишет, ал эми тез арада акча таба калуу каалоосу – бул нерсе өспүрүмдөр арасында көп кездешет. Ошондуктан, акча салып, аны бир жумадан кийин эле 10 эсе көп кылып берүүнү сунуштаган бир күндүк пирамидалар дал ошол жетиле элек акылдар үчүн иштелип чыккан. Себеби сизге жомоктой көрүнгөн нерсе, жашоо тажрыйбасы жок балаңыз үчүн реалдуу көрүнүшү мүмкүн.
Тобокелдиктерден кантип сактануу керек?
Бекер эч нерсе болбоорун түшүндүрүңүз. Өспүрүм балаңыз менен бирге адамдардын ушундай алдамчылыктардан жабыркагандардын окуяларын көрүп чыгыңыз. Ошондо бала тобокелчиликке баруудан мурун ойлонуп калат.
📌 3-ыкма. Картадан акча которгону үчүн өспүрүмгө жеңил акча убадаланат.
Көз боемочулар өспүрүмдү кылмыштуу схемага шериктеш кылып коюудан коркушпайт. Мисалы, кылмышкерлер кимдир-бирөөнүн акчасын алдап алып жатканда, алар өз эсептерин көрсөтпөөгө аракет кылышат. Бул үчүн аларга ортомчулар керек. Алгач алдамчылар уурдалган акчаны мектеп окуучуларынын эсебине которуп, акчалай сыйлык үчүн акчаны накталай чыгаруу же кайра башка эсепке которууну суранышат. Ошентип, өспүрүм акчанын келип чыгышын жана бул схемада кылмыштуу топ бар экенин билбей туруп, алдамчылык иштин катышуучусу болуп калат.
Тобокелдиктерден кантип сактануу керек?
Өспүрүмгө алдамчылар кандай иштээрин айтып бериңиз жана бул адамдарга балаңыздын ортомчулугу эмне үчүн керек экени тууралуу ойлонуп көр деңиз. Интернетте акча табуунун жеңил жолдору – ар дайым шектүү экенин дагы бир ирет баса белгилеңиз.
⚠️ Алдын алуу чаралары
Балаңыздын картасына чоң суммадагы акчаны которбоңуз. Мобилдик банкинг аркылуу картадагы акча каражаттарынын кыймылын көзөмөлдөңүз. Картага сарптоо чегин коюңуз. Өз банк картаңыздын маалыматтарын балаңызга көрсөтпөңүз. Эң негизгиси – балаңыз менен жайбаракат отуруп, эсте каларлык мисалдарды колдонуп, ага финансылык коопсуздук эрежелерин түшүндүрүп бериңиз.