Акча которууну сурап чалган шылуундар көбүнчө төмөнкүдөй сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдонушат:
🔸 Банк
🔸 Милиция
🔸 Салык кызматы
🔸 коопсуз эсеп
🔸 СМС / карта реквизиттери / паспорт / ИИНдеги кодду айтыңыз.
⚠️ Бул сөздөрдү чоочун адам менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө уксаңыз, сүйлөшүүнү токтотуңуз. Алардын сизди акчага алдап кетүү аракетинин ыктымалдыгы жогору. ☝️
Же болбосо, телефонду коюп, банктын расмий сайтында көрсөтүлгөн номерлер боюнча өзүңүз чалыңыз.
Абайлаңыздар!