Кредиттер – каржылык маселелерди кийинкиге калтырып койбостон, жеринен жана дароо чечүүгө жардам берчү сонун курал. Бирок сизде кредиттер өтө көп болбосо гана.

Карызга батып калбаш жана кредиттик төлөмдөр кирешеңиздин жарымынан көбүн жеп жаткан кырдаалга түшпөш үчүн, эмоциясыз өз финансылык абалыңызды талдап көрүңүз.

  1. Ашыкча албаңыз.

Кредитти чындап муктаж болгондо гана алыңыз. Мисалы, иш үчүн унаа сатып алууга, өз бизнесиңизди өнүктүрүүгө же балдарыңыздын окуусун төлөөгө. Мындай чыгымдарды кийинкиге калтырууга болбойт, демек кредит – бул учурда жакшы чечим.

  1. Өз мүмкүнчүлүктөрүңүздү баалаңыз.

Үй-бүлөлүк бюджетиңизге зыян келтирбестен кредитти төлөй аласызбы же жокпу, эсептеңиз. Эгер күтүлбөгөн жерден киреше булагыңыз токтоп калса, эмне кыларыңызды ойлонуп көрүңүз. Башка жумушту канчалык тез таап кете аласыз?

  1. Шарттарды изилдеп чыгыңыз.

Кредиттик келишимди кылдат окуп чыгыңыз жана суроолорду берүүдөн тартынбаңыз. Кол коюудан мурун, сиз кандай график боюнча канча төлөйсүз, кезектеги төлөмдү өткөрүп жиберсеңиз эмне болорун так түшүнүшүңүз керек. Тобокелдиктерди таразалап алыңыз.

  1. Эски кредитти жабуу үчүн, жаңысын албаңыз.

Көпчүлүк учурларда, бул карыз чуңкуруна түшүүнүн түз жолу.

  1. Кредитиңиз боюнча төлөмдөрдү кечиктирүүгө жол бербеңиз.

Бул пайдасыз: сиз баарыбир төлөшүңүз керек болот, болгону көбүрөөк, анткени стандарттуу пайыздардан тышкары, сизге өсүм жана айыптар кошулат. Анүстүнө төлөнбөгөндүк сиздин кредиттик тарыхыңызды булгайт, мындан улам кийинки кредитиңизди анчалык ыңгайлуу эмес шарттарды алуу же такыр эле алалбай калуу коркунучу жаралат.