Жеке каржылык планды баштоо үчүн 3 кадам – бул туруктуулуктун жана бакубатчылыктын эң ишенимдүү жолу.

  1. Чыгымдарды пландаштырыңыз.

Чыгымдарды көзөмөлдөөдөн баштаңыз. Бир нече айлардагы бардык чыгашаларга көз салуу менен, сиз акчаңыз кайда кетип жатканын жана күтүлбөгөн жагдайларда канча акча бөлүү керек экенин түшүнөсүз.

  1. Бюджетти түзүңүз.

Ар кандай чыгымдар категорияларына чектөөлөрдү коюп, алардын чегинен чыкпоого аракет кылыңыз. Азык-түлүктөн, коммуналдык кызматтардан, кийим-кечеден, үй-тиричилик тазалоочу каражаттардан тышкары көңүл ачуу керек да экенин унутпаңыз. Андыктан майрамдар жана көңүл ачууларга да чектөө киргизиш керек.

  1. Кийинкиге акча топтооңуз.

Күтүлбөгөн чыгымдар үчүн каржылык “коопсуздук жаздыкчасын” түзүңүз жана ири сатып алуулар, саякат жана ремонт иштери үчүн акчаларды топтой турчу өзүнчө копилка ачыңыз. Эң туурасы копилка катары топтоочу банктык салымды колдонгонуңуз жакшы: бул тартипке салат жана сиздин аманатыңызды инфляциядан коргоого жардам берет.