Финансылык пландоо темасын улантууга убакыт жетти. Бүгүн биз кантип көздөгөн максатка жетип, топтогон акчаны бир мүнөттүк каалоо үчүн коротуп салбоо жөнүндө сүйлөшөбүз.
1. Артыкчылыктуу финансылык максаттарыңызды тандап алыңыз
Сизге керектүү болгону азыр бар. Мисалы, кышкы дөңгөлөктөрдү сатып алып, тоңголокто кыйналып калбаш үчүн кышка чейин автоунааңызга профилактикалык ремонт жасап алыңыз.
Орто мөөнөттүү келечекте зарыл болчусу бар. Мисалы, 5 жылдан кийин уулуңуз университетке тапшырат, анын окуусуна акча топтошуңуз керек.
25-30 жылдан кийин актуалдуу боло турган максаттар бар. Мисалы, пенсияны гана карап калбаш үчүн карылыкка акча чогулта аласыз.
Бул максаттардын баары көңүл бурууну талап кылат, бирок алардын ичинен эң негизгилери – кийинкиге калтырууга болбой тургандары.
2. Коопсуздук жаздыкчасын даярдап алыңыз
Бул ар кандай күтүлбөгөн окуя үчүн чогултулган акча, ал узак мөөнөт үчүн топтолуп жаткан акчага кол салбастан, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет.
3. Бюджетиңизге туруктуу негизде талдоо жасап туруңуз
Киреше менен чыгашаны салыштырып, канча акча сарптап жатканыңызга көз салыңыз. Ушундай жол менен сиз акча кайда кетип жатканын оңой эле аныктап, белгиленген сумманы бөлүп коюу үчүн кайсы жерден үнөмдөсө болорун түшүнө аласыз. Айлык алгандан кийин акчаны бөлүп койгонго аракет кылыңыз, андан да жакшысы, бул акчаны коротуу азгырыгы болбошу үчүн депозиттик эсепке которуп коюңуз.
4. Финансылык максатыңызды элестетиңиз
Убакыттын өтүшү менен мотивация жоголот. Айрыкча максат узак мөөнөттүү болсо, мотивацияны табуу оңой эмес. Бирок пенсияга чыкканда деңиздин жээгиндеги пальма дарагынын түбүндө күнгө какталып жатканыңызды же Ысык-Көлдө өз коттеджиңизде жашаганыңызды элестетип турсаңыз, анда акчаны эмне үчүн чогултуп жатканыңызды ошол замат эстейсиз.
Бул акчаны текке кетирбөөгө түрткү берет.