Достор,Бүгүн биздин компания 19 жашка толду!

“Универсал Кредит” МКК – айылдагы өндүрүүчүлөр, чакан бизнес, ишкер аялдар жана киреше булагы төмөн болгон үй чарбалары үчүн кредиттөөнү жеткиликтүү кылган Кыргызстандагы алгачкы уюмдардын бири. Акырындык менен филиалдар тармагын кеңейтип, маалыматтарды тез иштеп чыгуу, кредитти алууну жана төлөм жүргүзүүнү ыңгайлуу кылуу үчүн заманбап онлайн-технологияларды киргизип, ушул жылдар бою биз сиздер үчүн эмгектенип келүүдөбүз.

Биз узак мөөнөттүү кредиттик линиялар аркылуу ата мекендик өндүрүштүн өсүшүнө жана өнүгүшүнө, жаңы рынокторду ачууга көмөк көрсөтө турчу бизнестерди ийгиликтүү каржылоо моделин түздүк.

Ийгиликтерибизге карабастан, биз эч качан бир орунда турбайбыз, жаңы ыкмаларды өздөштүрүүнү жана иш-процесстерди жакшыртууну улантабыз!

Ишенимиңиздер жана “Универсал Кредитти” узак мөөнөттүү өнөктөшүңүз катары тандаганыңыздар үчүн рахмат!

Биз ар бир кардарды баалайбыз жана ар дайым сиздерди кеңселерибизден көрүүгө кубанычтабыз! Эгерде жакын жерде болсоңуз – кире кетиңиз!