Достор,
Баарыңыздарды келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз жана чын жүрөктөн ден соолук, бакыт-таалай жана баштаган бардык ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайбыз! 🎄
Эскерте кетсек, 31-декабрь майрамга байланыштуу кыскартылган иш күнү болот – биздин кеңселер саат 16:30гө чейин ачык болот. Бишкек филиалынын кассасы саат 10:00гө чейин, ал эми башкы кеңсенин кассасы 12:00гө чейин иштейт.
2025-жылдын 1-январынан 11-январына (бул күнү да) чейин дем алыш күндөрү болот.
6, 8 жана 9-январда башкы кеңсенин кезекчи кассасы эртең мененки саат 9:00дөн баштап, 15:00гө чейин иштейт.
Бирок сиздер майрамдык дем алыш күндөрү да кредиттерди электрондук капчыктар же банктын мобилдик тиркемелери аркылуу онлайн төлөй аласыз.