Ишеним бир күндө куралбайт – ал жылдар менен сыналат. Өткөн жылы «Универсал Кредит» маанилүү датаны белгиледи – Кыргызстандын каржы рыногунда 19 жылдык ишмердүүлүк.
2006-жылдан бери биздин негизги максатыбыз – акчаларды “түшүнүктүү” жана жеткиликтүү кылуу болуп саналат. Биз чакан уюм катары баштаганбыз, ал эми бүгүн Кыргызстандагы миңдеген адамдар үчүн, ишенимдүү таяныч болуп калдык.
Биз өлкөнүн гүлдөп өнүгүшү ар бир үй чарбасынын, ар бир чакан ишкананын ийгилигинен башталат деп ишенебиз.
Биз бүгүн кайдабыз? Биз сиздерге жакын болуу үчүн, чек араларды кеңейтип жатабыз:
Жандуу Бишкекте жана шаар четинде.
Жергиликтүү дыйкандарды жана сооданы колдоп, Гүлдөп өсүп жаткан Чүй облусунда.
Туризм жана тейлөө тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшүп, ак берметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде.
Түштүк аймагынын жана кайра иштетүү өнөр жайынын өнүгүшүнө салым кошуп, күнөстүү Ошто.
Бул 19 жыл биз үчүн кандай мааниге ээ? Бул – миңдеген ишке ашкан бизнес-идеялар, жаңы үйлөр, билим алуулар жана кеңейтилген өндүрүштүк ишканалар. Бул жылдар аралыгында биз көптөр үчүн жөн гана кредит берүүчү компания эмес, ар бир аймактын жашоо өзгөчөлүктөрүн жакшы түшүнгөн каржы өнөктөшү болуп калганыбыз менен сыймыктанабыз.
Бизди тандаганыңыздар үчүн рахмат!