50/30/20 эрежеси жашоого да, эс алууга да каражат жеткидей кылып, кирешени бөлүштүрүүгө жардам берет.
⠀
Түшүндүрүп беребиз ⬇️
⠀
Ыкманын маңызы:
⠀
50% – негизги муктаждыктар (тамак-аш, транспорт, турак-жай, байланыш жана коммуналдык төлөмдөр).
30% – жеке каалоолор, эс алуу жана көңүл ачуу.
20% – үнөмдөө жана карызды төлөө.
⠀
Мисалы, 50 000 айлык болсо, сиз 25 000ди “негизги” чыгымдарга, 15 000ди жеке чыгымдарга, көңүл ачууга жана жакындарыңызга белектер, ал эми 10 000ди аманаттарга жана/же карызды төлөөгө (эгер бар болсо) жумшайсыз. Инфляциядан коргонуу үчүн, депозиттик эсепке акча топтогон жакшы.
⠀
Эгерде сиздин негизги чыгымдарыңыз учурда 50%дан ашып жатса, кабатыр болбоңуз! Кичинеден баштаңыз: аманаттарга жок дегенде 5%ын салыңыз. Каржылык туруктуулуктагы башкы нерсе – бул ырааттуулук.
___
#ucredit #universalcredit #кредитбишкек #кредит #универсалкредит