Эгер балаңызды жеке менчик мектепке которууну пландап жатсаңыз, тандоо жасоодо төмөнкү 4 маанилүү жагдайды эске алыңыз:
⠀
1️⃣ Лицензия жана окуу программасы
⠀
Мектептин мамлекеттик лицензиясы бар экенин, ал эми аттестаты ЖОЖдор тарабынан тааныларын тактаңыз. Окутуу кандай программа боюнча жүрөөрүн (улуттук, эл аралык же STEM багытындагы) жана бала ага канчалык оңой адаптация болоорун тактап алыңыз.
⠀
2️⃣ Чыгымдардын толук тизмеси
⠀
Ай сайын төлөнүүчү окуу акысынан тышкары, үй-бүлөлүк бюджетиңизге төмөнкүлөрдү да кошуңуз:
🔸Бир жолку кириш төгүмү
🔸Тамак-аш жана жол кире
🔸Мектеп формасы, окуу куралдары жана спорттук секциялар үчүн форма
🔸Сабактан тышкаркы ийримдер жана экскурсиялар үчүн төлөмдөр
⠀
3️⃣ Тиричилик шарттары жана коопсуздук
⠀
Жабдууланышына баа бериңиз: заманбап лаборатория, спорт зал, тосулган коопсуз территория, медициналык кабинет жана жогорку сапаттагы ысык тамак бар-жогун билиңиз.
⠀
4️⃣ Атмосфера жана адаптация
⠀
Экскурсияга жана ачык эшиктер күнүнө жазылыңыз. Мугалимдер окуучулар менен кандай байланыш түзөт, балаңыз класста өзүн кандай сезет жана адаптация учурунда психологдун колдоосу каралганбы, мына ушуларга да көңүл буруу маанилүү.
⠀
💡 Үй-бүлөлүк бюджетке оорчулук келтирбестен, окуу акысын кантип төлөөгө болот?
⠀
Жеке менчик мектептерде бир жылдык же бир чейректик чоң суммадагы окуу акысын төлөөнү көбүнчө “дароо” талап кылышат. Ал эми «Универсал Кредиттен» сиз билим алуу муктаждыгы үчүн кредит ала аласыз:
⠀
👉u-credit.kg
📞 0555 366 555