Бизнестеги ар бир күн – бул тандоо: күтүп отуруп, мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгаруу же ресурстарды тартып, өнүгүү!

Кирешелүү келишим, товардын пайдалуу партиясы же өндүрүштү кеңейтүү мүмкүнчүлүгү пайда болгондо – убакыт эң маанилүү ролду ойнойт.
⠀
Дал ошондуктан, «Универсал Кредит» бизнести каржылоонун үч негизги принцибин сунуштайт:
⠀
1️⃣ ЫҢГАЙЛУУЛУК
Биз сиздин убактыңызды баалайбыз жана ашыкча түйшүктөн арылтабыз.
Минималдуу иш-кагаздар: биз керексиз кагаздарды чогултууну талап кылбайбыз.
Чечимдерди тез кабыл алуу: сиз кирешеден куру калбашыңыз үчүн, арыздар мүмкүн болушунча тез каралат.
Жеке менеджер: сизге түшүнүктүү тилде сүйлөгөн жана ар бир этапта сизге колдоо көрсөткөн атайын адис.
⠀
2️⃣ ИЙКЕМДҮҮЛҮК
Ар бир бизнес уникалдуу жана бирдиктүү калып (шаблон) жок.
Мезгилдүүлүк: эгер кирешеңиз жылдын мезгилдерине көз каранды болсо (мисалы, айыл чарба, тигүү өнөр жайы, туризм же соода тармагы), анда биз кредитти кайтаруу графигин – сиздин кирешеңиз максималдуу болгон мезгилдерге тууралап түзүп беребиз.
Жекече төлөм өлчөмдөрү: биз төлөмдөрдүн көлөмүн жана мөөнөтүн кредиттик жүк сиздин жүгүртүү капиталыңызга ашыкча оордук келтирбегидей кылып аныктайбыз.
⠀
3️⃣ ИШЕНИМДҮҮЛҮК
Ачык-айкындуулук – узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн негизи.
Адилеттүү пайыздык чендер: сиз канча жана эмне үчүн төлөп жатканыңызды так билесиз.
Жашыруун төлөмдөр жок: бардык шарттар келишимде так жана ачык көрсөтүлгөн.
Тажрыйба жана туруктуулук: биз Кыргызстандын рыногунда 20 жылдан бери иштеп келе жатабыз жана миңдеген ишкерлердин ишенимине ээ болдук.
⠀
💼 Эмнелерге каржылоо алсаңыз болот?
Жүгүртүү каражаттарын толуктоо жана товар сатып алуу.
Коммерциялык унааларды же жабдууларды сатып алуу.
Соода жайларын же цехтерди оңдоо жана жабдуулоо.
⠀
Бизнесиңизди кеңейтүүнү эртеңкиге калтырбаңыз – келгиле, бүгүнтөн баштап бирге өнүгөлү! 🤝
⠀
📞 0555 366 555
👉u-credit.kg