Директорлор Кеңеши

Тагылыкова Жылдыз Касымовна
Директорлор Кеңешинин Төрагасы
“UFC” МКК ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана уюштуруучусу, учурда “Универсал Кредит” МККсы. Анын банк тармагында бай тажрыйбасы бар, айрыкча, KIСB жана Айыл Банкта. Эл аралык уюмдарда да иштөө тажрыйбасы бар – ПРООНдо эки жылдан ашык эмгектенген.
Кыргыз Айыл чарба Финансы Корпорациясынын (КАФК) Башкармалыгынын мүчөсү катары, көрсөтүлгөн бул мезгил аралыгында, КАФКны институционалдык өнүктүрүү боюнча иш-чараларды стратегиялык жактан пландаштыруу жана ишке ашыруу иштерин координациялаган. Ошол эле мезгилде Жылдыз КФКнын кредиттөө бөлүмүн жетектеп, КСФКнын жалпы Кыргыз Республикасы боюнча 10 филиалынын ишинин көрсөткүчтөрүнө жооптуу болгон. Эл аралык уюмдар, Азия өнүктүрүү банкы, парламент жана КРнын Өкмөтү менен тыгыз иш алып барган.

Тажибаева Салтанат
Директорлор кеңешинин мүчөсү
Салтанат Тажибаева, 2019-жылдан бери МККнын Директорлор Кеңешинде, сертификацияланган аудитор, сертификацияланган практик-бухгалтер (CAP), ошондой эле, финансылык жана салыктык эсеп багыты боюнча эксперт.
2019-жылдан тарта АБ “Бухгалтерлер жана аудиторлордун бирикмесинде” директорлор Кеңешинин мүчөсү, 2022-жылдан тарта АБ “Көз карандысыз директорлор палатасынын” мүчөсү. 2004-жылдан 2019-жылга чейин HLB Марк Аудиттин каржы жана аткаруучу директору болгон.
Учурда ал, Forum of Firm’дин эң мыкты топ-10на кирген, HLB International эл аралык консалтинг тармагынын толук кандуу мүчөсү болгон – HLB Scope Kazakhstan консалтинг компаниясынын директору.
Андан тышкары, ал Кыргызстандагы бухгалтердик эсеп жана салык кызматтарын көрсөткөн “Ratio Master” консалтинг компаниясынын негиздөөчүсү жана директору болуп саналат.

Байжуманова Анара
Директорлор кеңешинин мүчөсү
Байжуманова Анара, 2019-жылдан 2023-жылга чейин «Универсал Кредит» МККсынын Директорлор Кеңешинин мүчөсү болгон.
2023-жылдын февраль айынан бери Компаниянын Директору. Банк тармагында 15 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар, 2011-2014-жылдары «Бай-Түшүм» Банкынын Башкармалыгынын мүчөсү болгон. Финансылык сабаттуулук боюнча сертификацияланган тренер, кардарлардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча, СМАРТ стандарттарын Банкка киргизүү жана сертификациялоодо тажрыйбага ээ.
Чакан бизнес ишканаларын өнүктүрүү жаатында эксперт, Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коому (GIZ), Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү, Эл аралык Финансы Корпорациясы (IFC), АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) ж.б.у.с эл аралык уюмдар менен долбоорлорду ишке ашырууда 20 жылдык тажрыйбасы бар. Учурда ал «Спот Он Консалтинг» консалтинг компаниясынын директору.
Башкармалык

Кенешбек уулу Улан
Башкармалыктын Төрагасы
Улан Кеңешбек уулунун микрокаржылоо тармагында 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар. Ал 1999-жылы Аль-Фараби атындагы Казак Мамлекеттик Университетин менеджмент адистиги боюнча аяктаган. 2001-жылы Кыргыз Эл аралык Университетинде Банк Иши адистиги боюнча магистратураны аяктаган.
2000-жылдан тарта анын эмгек жолу микрофинансы сектору менен байланышкан, ал жылы Улан Кыргыз Айыл Чарба Финансы Корпорациясында иштей баштаган.
Ал “Универсал Кредитте” 2006-жылы бул компания негизделгенден бери иштеп баштап, кредит боюнча адистен Компаниянын директоруна чейинки жолду басып өткөн. Микрокаржылоо тармагы боюнча адистештирилген курстардын көптөгөн сертификаттарына ээ.
Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын ардактуу наамына ээ – “Микрокаржылоонун отличниги”.
2022-жылдан Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын Директорлор Кеңешинин мүчөсү.

Ильяс Бекманбетов
Бизнести өнүктүрүү жана стратегия боюнча директор
Ильяс Бекманбетов — Кыргызстандын банктык жана микрофинансылык секторунда 19 жылдан ашуун тажрыйбасы бар жетекчи. Кесиптик ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө ал «Компаньон Банк» ЖАК жана «ФИНКА Банк» ЖАК мекемелеринде жетекчилик кызматтарды аркалап, филиалдык тармакты өнүктүрүү, кредиттик ишмердүүлүктү башкаруу, стратегиялык демилгелерди ишке ашыруу жана бизнестин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жоопкерчилик алган.
Учурда Ильяс «Универсал Кредит» МККсынын Бизнести өнүктүрүү жана стратегия боюнча директору кызматын аркалап, компаниянын өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга, жаңы бизнес-багыттарды киргизүүгө жетекчилик кылат. Ошондой эле кредиттик ишмердүүлүктү көзөмөлдөп, кредиттик портфелдин туруктуу өсүшүн жана кредиттик процесстердин үзгүлтүксүз өркүндөтүлүшүн камсыздайт.
Ильяс математика, маалыматтык технологиялар жана экономика багыттары боюнча билимге ээ. Ошондой эле башкаруу, бизнести өнүктүрүү жана кредиттик менеджмент жаатындагы билим-билгичтигин үзгүлтүксүз өркүндөтүп келет.
Анын негизги компетенциялары — стратегиялык башкаруу, бизнести өнүктүрүү, кредиттик менеджмент, командаларды башкаруу жана операциялык натыйжалуулукту жогорулатуу. Көп жылдык тажрыйбасы жана практикалык ыкмасынын аркасында ал компаниянын туруктуу өнүгүүсүнө жана кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келет.

Гүлмира Сардарбекова
Башкы бухгалтер
Гүлмира Самарбековна Сардарбекова — 27 жылдык тажрыйбасы бар бухгалтерия тармагынын адиси. Эмгек жолун «Айыл Банк» ААКсында баштап, адистен башкы бухгалтерге чейин көтөрүлгөн.
2023-жылдан бери Гүлмира Сардарбекова «Универсал Кредит» МККсында башкы бухгалтер кызматын аркалап келет.
Анын кесиптик жетишкендиктери Кыргызстандын Банктар Союзунун Ардак грамотасы жана Ыраазычылык каты, «Бухгалтердик эсеп – 1-деңгээл» сертификаты, «Айыл Банк» ААКсынын Ардак грамотасы жана бир катар окуу борборлорунун сертификаттары менен белгиленген.

Танабаев Айбек Мекенович
Насыя менеджери
Айбек, «Универсал Кредит» ММКсында 2009-жылдан бери эмгектенет. Микрофинансы секторунда 25 жылдан ашык тажрыйбасы бар.
2020-жылдан баштап Компаниянын кредиттик менеджери, кредиттөө процессин, жаңы кредиттик продуктыларды иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү жетектейт. Үй чарбаларынын энергоэффективдүүлүгү боюнча IFC’нин турак жайды каржылоо долбоорун координациялаган.
Көп жылдык ак ниет эмгеги, кесипкөйлүгү жана микрофинансы секторун, ошондой эле Микрофинансылык уюмдар Ассоциациясын өнүктүрүүгө жигердүү катышкандыгы үчүн атайын наамдар менен сыйланган.

Сидалиева Чынара
HR менеджер
Сидалиева Чынара өзүнүн карьерасын кредит тармагында «Финка» ЖАК МККсында баштаган жана банктык жана микрокаржылык секторлордо 20 жылдан ашык иш тажрыйбасына ээ. 2014-жылдан бери жетекчилик кызматтарды ээлеп келген.
Чынара «Универсал Кредит» МККсында 2018-жылдан бери иштеп, учурда көйгөйлүү насыялар боюнча бөлүм башчысы жана HR менеджер кызматтарын аркалайт.