Биз жөнүндө

«Универсал Кредит» микрокредиттик компаниясы (мурдагы «Universal Finance & Credit») – жоопкерчилиги чектелген коом түрүндө түзүлгөн жана 2006-жылдан бери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып барган микрофинансылык уюм.

Учурда Компания насыя портфелинин көлөмү, тейленген кардарлардын саны жана капиталы боюнча, алдыңкы 10 МФУдардын катарына кирет.

Компаниянын башкы кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан, мындан тышкары, Чүй облусунда 5 филиалы жана Ош менен Ысык-Көл облустарында бирден филиалы бар.

«Универсал Кредит» Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы – АМФОнун жана Кредиттик Маалыматты Пайдалануучулардын Ассоциациясынын активдүү мүчөсү болуп саналат.  

18 жылдын аралыгында Компания тынымсыз өсүүдө, өз кардарларынын базасын кеңейтүүдө, бул убакыттын ичинде жалпы суммасы 6 382 миллиард сомго жеткен (74 миллион АКШ долларына жакын) 120 миңге жакын насыялар берилген.

Социалдык жоопкерчилик
Компания ачык жана этикалык бизнес практикасы аркылуу коомго жана айлана-чөйрөгө биздин ишмердүүлүгүбүздүн таасири үчүн жооп берет. Биздин иш-чаралар туруктуу өнүгүүгө, анын ичинде кардарларыбыздын ден соолугуна жана бакубаттуулугуна өбөлгө түзөт.

Биздин миссия
Кардарлардын керектөөлөрүн канааттандырууга, алардын бизнесин өнүктүрүүгө жана БАКУБАТЧЫЛЫГЫН ЖОГОРУЛАТУУГА жардам берген ЖЕТКИЛИКТҮҮ, ыңгайлуу жана тез микронасыяларды берүү.

Өнүгүү этаптары:

2006-2016

«Универсал Кредит» микрокредиттик компаниясы 900 000 (Тогуз жүз миң) сом уставдык капиталы менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде алгачкы мамлекеттик каттоодон өттү.
10 жылдын ичинде Компания 3000 активдүү кардарлары бар 38,6 миллион сом насыя портфелине жетти. 2016-жылга карата Компанияда 18 кызматкер иштеген, Чүй облусунда 2 филиал жана 2 бөлүм ачылган.
Кыргызстандын микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын мүчөсү болгон.

2016-2020

2016-жылы Компаниянын уставдык капиталынын 60 миллион сомго көбөйүшүнө байланыштуу, “Универсал кредит” микрокредиттик компаниясы Юстиция башкармалыгынан кайра каттоодон өткөн.
2018-жылы UFC МКК биринчи жолу Түркиянын Стамбул шаарында «Microfinance Centre» эл аралык конференциясына катышып, анда компанияны эл аралык каржы уюмдарынын арасында таанытуу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү.
Ошол эле жылы Каракол шаарында Кант филиалынын кичи кеңсеси ачылып, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда насыялоо иштери башталган.
2019-жылы филиалдар тармагы кеңейтилип, Бишкек филиалы ачылган. Кара-Балта филиалы Компаниянын өзүнчө филиалы катары кайра каттоодон өткөн.
2020-жылы Директорлор кеңеши уюштуруу түзүмүнө киргизилип, көз карандысыз директор катары эки эксперт алынган.
2020-жылы уставдык капиталды 100 миллион сомго чейин көбөйтүү

2021-2024

2021-жылы компания Ош шаарындагы дагы бир микрокредиттик компанияны сатып алуу жана аны Ош филиалына айландыруу жолу менен кайра түзүлгөн.
Ошол эле жылы МКК “Универсал Кредит” ЖЧК аталышы өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу юстиция башкармалыгынан компания кайра каттоодон өткөн.
Биринчи жолу 2021-жылы Эл аралык ADA финансы фондунан насыя алынган.
2022-жылы Ош облусунун Кара-Суу шаарында жана Ысык-Көл облусунун Кызыл Суу айылында эки кичи кеңсе ачылган.
2023-жылы 3 эл аралык каржы институтунан насыялар тартылган. Токмок шаарында филиал ачылды.
2024-жылдын башына карата «Универсал Кредит» МККсынын кредит портфели 6844 кардары менен 740 миллион сомго жетти.

Сыйлыктар