Директорлор Кеңеши
Директорлор Кеңешинин Төрагасы
Тагылыкова Жылдыз Касымовна
“UFC” МКК ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана уюштуруучусу, учурда “Универсал Кредит” МККсы. Анын банк тармагында бай тажрыйбасы бар, айрыкча, KIСB жана Айыл Банкта. Эл аралык уюмдарда да иштөө тажрыйбасы бар – ПРООНдо эки жылдан ашык эмгектенген.
Кыргыз Айыл чарба Финансы Корпорациясынын (КАФК) Башкармалыгынын мүчөсү катары, көрсөтүлгөн бул мезгил аралыгында, КАФКны институционалдык өнүктүрүү боюнча иш-чараларды стратегиялык жактан пландаштыруу жана ишке ашыруу иштерин координациялаган. Ошол эле мезгилде Жылдыз КФКнын кредиттөө бөлүмүн жетектеп, КСФКнын жалпы Кыргыз Республикасы боюнча 10 филиалынын ишинин көрсөткүчтөрүнө жооптуу болгон. Эл аралык уюмдар, Азия өнүктүрүү банкы, парламент жана КРнын Өкмөтү менен тыгыз иш алып барган.
Директорлор кеңешинин мүчөсү
Тажибаева Салтанат
Салтанат Тажибаева, 2019-жылдан бери МККнын Директорлор Кеңешинде, сертификацияланган аудитор, сертификацияланган практик-бухгалтер (CAP), ошондой эле, финансылык жана салыктык эсеп багыты боюнча эксперт.
2019-жылдан тарта АБ “Бухгалтерлер жана аудиторлордун бирикмесинде” директорлор Кеңешинин мүчөсү, 2022-жылдан тарта АБ “Көз карандысыз директорлор палатасынын” мүчөсү. 2004-жылдан 2019-жылга чейин HLB Марк Аудиттин каржы жана аткаруучу директору болгон.
Учурда ал, Forum of Firm’дин эң мыкты топ-10на кирген, HLB International эл аралык консалтинг тармагынын толук кандуу мүчөсү болгон – HLB Scope Kazakhstan консалтинг компаниясынын директору.
Андан тышкары, ал Кыргызстандагы бухгалтердик эсеп жана салык кызматтарын көрсөткөн “Ratio Master” консалтинг компаниясынын негиздөөчүсү жана директору болуп саналат.
Директорлор кеңешинин мүчөсү
Кенешбек уулу Улан
Улан Кеңешбек уулунун микрокаржылоо тармагында 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар. Ал 1999-жылы Аль-Фараби атындагы Казак Мамлекеттик Университетин менеджмент адистиги боюнча аяктаган. 2001-жылы Кыргыз Эл аралык Университетинде Банк Иши адистиги боюнча магистратураны аяктаган.
2000-жылдан тарта анын эмгек жолу микрофинансы сектору менен байланышкан, ал жылы Улан Кыргыз Айыл Чарба Финансы Корпорациясында иштей баштаган.
Ал “Универсал Кредитте” 2006-жылы бул компания негизделгенден бери иштеп баштап, кредит боюнча адистен Компаниянын директоруна чейинки жолду басып өткөн. Микрокаржылоо тармагы боюнча адистештирилген курстардын көптөгөн сертификаттарына ээ.
Учурда ал «Универсал Кредит» МККсынын Директорлор Кеңешинин мүчөсү. Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын ардактуу наамына ээ – “Микрокаржылоонун отличниги”.
2022-жылдан Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын Директорлор Кеңешинин мүчөсү.
Башкармалык
Компаниянын директору
Байжуманова Анара
Байжуманова Анара, 2019-жылдан 2023-жылга чейин «Универсал Кредит» МККсынын Директорлор Кеңешинин мүчөсү болгон.
2023-жылдын февраль айынан бери Компаниянын Директору. Банк тармагында 15 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар, 2011-2014-жылдары «Бай-Түшүм» Банкынын Башкармалыгынын мүчөсү болгон. Финансылык сабаттуулук боюнча сертификацияланган тренер, кардарлардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча, СМАРТ стандарттарын Банкка киргизүү жана сертификациялоодо тажрыйбага ээ.
Чакан бизнес ишканаларын өнүктүрүү жаатында эксперт, Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коому (GIZ), Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү, Эл аралык Финансы Корпорациясы (IFC), АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) ж.б.у.с эл аралык уюмдар менен долбоорлорду ишке ашырууда 20 жылдык тажрыйбасы бар. Учурда ал «Спот Он Консалтинг» консалтинг компаниясынын директору.
Насыя менеджери
Танабаев Айбек Мекенович
Айбек, «Универсал Кредит» ММКсында 2009-жылдан бери эмгектенет. Микрофинансы секторунда 25 жылдан ашык тажрыйбасы бар.
2020-жылдан баштап Компаниянын кредиттик менеджери, кредиттөө процессин, жаңы кредиттик продуктыларды иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү жетектейт. Үй чарбаларынын энергоэффективдүүлүгү боюнча IFC’нин турак жайды каржылоо долбоорун координациялаган.
Көп жылдык ак ниет эмгеги, кесипкөйлүгү жана микрофинансы секторун, ошондой эле Микрофинансылык уюмдар Ассоциациясын өнүктүрүүгө жигердүү катышкандыгы үчүн атайын наамдар менен сыйланган.
Башкы бухгалтер
Бордубаева Сагын Мусаевна
Банк тажрыйбасы 22 жылга жакын, бухгалтердик эсеп чөйрөсүндө 25 жылдан ашык, анын ичинде 3 жыл ревизиялык ишмердүүлүк иш тажрыйбасы ээ.
Ички аудитор
Акимбаева Аида Эмилбековна
Аида «Универсал Кредит» МККсында 2016-жылдан бери иштейт, ал Компаниянын ички аудитору.
Микрофинансы секторунда башкы бухгалтер (8 жыл) жана ички аудитор (8 жыл) катары 16 жылдык иш тажрыйбасы бар, анын бул бай тажрыйбасы жана билими Компанияда да ийгиликтүү колдонулуп келет.
Кошумчалай кетсек, Аида «Елимай» Соода үйүндө жана «Реемстма-Кыргызстан» компаниясында көп убакыт бою бухгалтер болуп иштеген, ошондуктан, анын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук маселелеринде гана эмес, микрокредиттик уюмдардын ишин жөнгө салуучу нормативдик-укуктук ченемдер жаатында да билими бар.
Ал Компаниянын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлык, наамдарды алган, ошондой эле, окуу жана квалификацияны жогорулатуу боюнча, ар кандай окуу борборлорун аяктагандыгы тууралуу бир нече сертификаттарга ээ.