Кардарларды коргоо принциптери

Универсал Кредит SMART Campaign эл аралык стандартындагы кардарларды коргоо принциптерин карманат.

SMART Campaign принциптери:

  1. Карыздын ашыкча жүктөлүшүнө жол бербөө.
    МКК насыяларды төлөө мүмкүнчүлүгү жетиштүү экенин көрсөткөн кардарларга гана берүү үчүн бардык негиздүү чараларды көрөт. Бул кардарларды ашыкча карыздын тобокелчилигине жана карыз туңгуюгуна түшүүдөн сактоого багытталган.
  2. Баалоо саясатынын ачык-айкындуулугу.
    Финансылык кызматтардын бардык шарттары, анын ичинде пайыздык чендер, камсыздандыруу төлөмдөрү, комиссиялык чыгымдар жана башка төлөмдөр ачык-айкын көрсөтүлөт. Бардык маалыматтар кардарларга түшүнүктүү формада берилет.
  3. Карыз өндүрүү ыкмаларынын адекваттуулугу.
    Карыз өндүрүү боюнча бардык иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жүргүзүлөт. МККнын карыз өндүрүү ыкмалары кардарларды басмырлоону же мажбурлап карыз өндүрүүнү камтыбайт.
  4. Ишкердик этиканын нормаларын сактоо.
    МКК кызматкерлери кардарлар менен иштөөдө жогорку этикалык стандарттарды сакташат. Ошондой эле, коррупциялык жана кардарларга туура эмес мамиле кылуу учурларын аныктоо жана жоюу үчүн атайын коргоо механизмдери иштейт.
  5. Кардарлардын даттанууларын кароо жана канааттандыруу процедуралары.
    МКК кардарлардын даттанууларын жана сунуштарын ыкчам кароо системасын камсыздайт. Кардарлар МККнын кызматынын сапаты, ишмердүүлүгү боюнча өз пикирлерин билдире алышат жана жакшыртуу боюнча сунуштарын киргизе алышат. МКК бул маалыматтарга өз убагында жооп берип, керектүү чараларды көрөт.
  6. Кардарлардын маалыматынын купуялуулугу.
    МКК менен кардар ортосундагы бардык мамилелер купуялуулук принциптерине негизделет. МКК кардарлардын насыя келишими боюнча маалыматтарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана насыя келишиминде көрсөтүлгөн учурлардан башка шартта үчүнчү жактарга бербөөгө жана ачыкка чыгарбоого милдеттенет.
  7. Продукттардын жана сатуу каналдарынын кардарларга шайкештиги.
    Банктын продукттары жана кызмат көрсөтүүлөрү кардарлардын муктаждыктарын жана каалоолорун эске алуу менен иштелип чыккан. МККнын саясаттарына жана процедураларына ылайык, продукттар жана сатуу каналдары кардарларга зыян алып келбеши керек.

Мындай иш ыкмаларына жол берилбейт:

  1. Физикалык күч колдонуу жана\же колдонуу коркунучу;
  2. Кардардын мүлкүн кардардын макулдугусуз алып коюу, сатуу, жок кылуу жана\же ага зыян келтирүү;
  3. Адамдын кадыр-баркын түшүргөн же кемсинткен психологиялык таасир көрсөтүү;
  4. Келишимде башкача белгиленбесе, карызкер тууралуу маалыматты үчүнчү жактарга билдирүү;
  5. Заем алуучуну\ күрөө коюучуну\ кепилчи адамды саат 21:00дөн кийин тынчсыздандыруу.