Программа 5 модулдан турган, жалпы көлөмү 160 академиялык саатты түзгөн күндүзгү окууну камтып, Борбор Азиянын 5 өлкөсүнөн келген 26 катышуучу үчүн 4 айлык интенсивдүү даярдыкты камсыз кылды. Программанын катышуучулары – жогорку деңгээлдеги жетекчилер, компаниялардын Директорлор кеңештеринин жана Башкармалыктарынын мүчөлөрү болду.
⠀
Корпоративдик башкаруу жана ESG, финансы жана финансылык отчеттуулукту талдоо, тобокелдиктерди башкаруу жана ички көзөмөл, HR жана корпоративдик маданият – бул топтук практикалык сабактардын жана талкуулардын алкагында каралган темалардын бир бөлүгү гана. Талдоо үчүн реалдуу кейстер колдонулуп, окуу процесси биргелешип маселелерди чечүүнү гана эмес, ошондой эле тажрыйба алмашууну да камтыды.
⠀
Рынокто олуттуу тажрыйбага ээ болгонуна карабастан, «Универсал Кредит» компаниясы быйыл өзүнүн 20 жылдык мааракесин белгилейт. Ошол эле учурда биз бир орунда турбастан, корпоративдик башкаруунун бардык деңгээлдеринде үзгүлтүксүз өнүгүп, өркүндөтүүнү улантып келебиз.