Мыйзамга ылайык, сиздин картаңыз же банктык колдонмоңузду колдонуу аркылуу жасалган бардык аракеттер үчүн, ал тургай, алар башка адамдын өтүнүчү боюнча жасалган болсо да, жоопкерчиликти сиз тартасыз.
⠀
⚠️ Картаңызды жоготуп алсаңыз, банкыңызга кайрылып, тез арада картаңызды блоктоңуз. Смартфонуңуз жоголсо же уурдалып кетсе да, электрондук капчыгыңызды убактылуу блоктоо үчүн банкыңызга кайрылсаңыз болот.
⠀
Этият болуңуз! Эсиңизде болсун: “Алдамчылык схемаларда ортомчул” болуу же өзүңүздүн эсеп, карта, электрондук капчык аркылуу мыйзамсыз жол менен алынган каражаттарды алуу жана которуу – бул акча табуунун оңой жолу эмес, бул мыйзамда каралган кылмыш!
⠀
Схеманын кылмыштуу мүнөзүн билбесеңиз да, мындай аракеттер үчүн жоопкерчиликке тартылышыңыз мүмкүн.
___
#ucredit #universalcredit #кредитбишкек #кредит #универсалкредит