Начар кредиттик тарыхты акча үчүн өчүрүп берүү убадалары эмне себептен кооптуу?

Анткени алар реалдуу эмес. “Банктык кара такты тазалоонун” мыйзамдуу жолу жок.

Мөөнөтүнөн кечиктирилген кредиттердин бардык маалыматтарын камтыган “начар кредиттик тарых” – чоңураак суммадагы кредиттерге жетүү жолун тосуп, жашоону кыйындатат. Начар кредиттик тарых болгондо, сизге кредит такыр берилбейт же эң минималдуу гана вариант сунушталат. Натыйжада, тобокелчиликке барууга даяр болгон каржы уюмдарына кайрылууга аргасыз болосуз, демек – пайыздык үстөк боюнча кыйла көбүрөөк төлөп каласыз.

Бирок, “кредиттик бюродо таанышым иштейт” деп, кырдаалды бир нече күндүн ичинде “акчага” чечип беребиз деп убада берген “жардамчылар” – бул жөн гана алдамчылар. Алданбаңыз: сиз шектүү кызмат үчүн акча төлөйсүз, бирок кредиттик тарыхыңыз өзгөрүүсүз калат.

Муну болгону жаңы кредиттерди тартиптүү түрдө төлөө менен гана оңдосо болот. Ырааттуу, тартиптүү төлөмдөр мурунку каталарды жаап кетет. Бул жай, бирок ишенимдүү жана толугу менен мыйзамдуу процесс.
___
#ucredit #universalcredit #кредитбишкек #кредит #универсалкредит