Эң тез жолу — муну онлайн режимде жасоо. Сиз Кыргызстандын ири банктарынын (мисалы, MBANK, Бакай Банк, Халык Банк, Банк Компаньон ж.б.) мобилдик тиркемелери аркылуу кирип, “Ишеним” Кредиттик бюросунан жеке кредиттик отчетуңузду түздөн-түз көрө аласыз.
⠀
Бул кызмат үчүн адатта акы алынат (болжол менен 100–200 сом) жана аны “Мамлекеттик кызматтар” же “Кызматтар” бөлүмүнөн тапса болот.
⠀
Экинчи жол: “Ишеним” Кредиттик бюросунун кеңсесине жеке өзүңүз баруу аркылуу.
⠀
“Ишеним” КБнын кеңсесине паспортуңуз менен барсаңыз болот. Компаниянын кеңсеси Бишкек шаарында, Ахунбаев көчөсү, 127/1 дарегинде (Малдыбаев көч. менен кесилишет) жайгашкан.
⠀
КРнын мыйзамдарына ылайык, ар бир жаран жылына бир жолу өзүнүн кредиттик отчетун акысыз алууга укуктуу. Ошол эле жылдын ичиндеги кийинки кайрылуулар үчүн акы алынат.
⠀
МААНИЛҮҮ: Кредиттик бюролор өздөрү кредит беришпейт жана аны берүү чечимдерин кабыл алышпайт. Алар жөн гана каржы уюмдарынан маалыматтарды жалпы “сактоочу жайга” чогултуп, сиздин кредиттерди жана карыздарды канчалык ишенимдүү төлөп жатканыңыз тууралуу маалыматтарды сакташат.
___
#ucredit #universalcredit #кредитбишкек #кредит #универсалкредит