«Универсал Кредит» МККсы өлкөнүн рыногунда 20 жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып, бизнес жана үй чарбалары үчүн каржылоону жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылууга салым кошуп келет.

«Универсал Кредит» МККсы Алматы шаарында өткөн Central Asian Microfinance Forum 2026 форумунда «Кардарлардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы мыкты МФУ» номинациясы боюнча сыйлыкка ээ болду. Иш-чаранын жүрүшүндө компаниябыздын атынан Башкармалыктын төрагасы Кенешбек уулу Улан катышты.

Жалпысынан аймактык форумдун алкагында Кыргызстандын 5 микрофинансылык компаниясы сыйлыктар менен белгиленип, бул Кыргызстандагы кредиттөө тармагындагы жетишкендиктерди айкын көрсөтөт.

Форум Борбор Азиянын микрофинансылык секторунун өкүлдөрүн, жөнгө салуучу органдарды, финансылык институттарды, инвесторлорду жана технологиялык компанияларды салттуу түрдө бир аянтчага чогултат.

#ucredit #universalcredit #кредитбишкек #кредит #универсалкредит