Келгиле, үй-бүлөлүк бюджетти пландаштырууда көп кездешкен каталарды карап чыгалы.
⠀
1-ката: Майда чыгымдарга көңүл бурбоо
⠀
Жумушка баратканда алынган кофе, күнүмдүк шам-шум этме, эч ким колдонбогон кызматтарга катталуулар… Булардын ар бири өз алдынча анча чоң эмес сумма, бирок бир жыл ичинде алар чогулуп, бюджетке олуттуу жүк болот.
⠀
2-ката. “Коопсуздук жаздыгы” жок жашоо
⠀
Эгер тапкан акчаңыздын баары “нөлгө” такалып, жок дегенде 2–3 айлык жашоо-тиричилик чыгымдарын жабууга жетпесе, анда ар күтүүсүз жагдайлар (унаанын бузулушу, муздаткычты оңдоо же дарылануу) олуттуу стресске себеп болот.
⠀
3-ката. Эмоционалдуу сарптоо
⠀
Бюджетиңиз үчүн эң кооптуу күн – бул айлык алган же кирешеге ээ болгон учур. Акчаны алгандан кийинки эле “өзүңүздү сыйлоо” каалоосу – көп учурда эмоционалдуу жана керексиз сатып алууларга алып келет.
⠀
4-ката. Бюджетти жалгыз башкаруу
⠀
Үй-бүлөлүк каржыны башкаруу – бул командалык иш. Эгер бирөө акча үнөмдөөгө аракеттенсе, ал эми башкалар жалпы максаттардан кабарсыз болуп, каражатты чектөөсүз корото берсе, анда каражат топтоо мүмкүн эмес.
⠀
5-ката. Ири чыгашаларды алдын ала пландаштырбоо
⠀
Окуу жылына даярдык, маанилүү мааракелер, пландалган ремонт, камсыздандыруу же болбосо мүлк, транспорт каражаты үчүн салыктар күтүүсүз жагдай болбошу керек. Мындай чыгашаларга алдын ала кам көрүп, ай сайын белгилүү бир сумманы бөлүп коюу маанилүү.
⠀
Кичинеден баштаңыз – жөн гана 30 күн бою үй-бүлөңүздүн бардык киреше-чыгашаларын жазып туруңуз (тиркемеде же дептерде). Айдын аягында канчалаган каражатты үнөмдөп калганыңызга өзүңүз да таң каласыз!
⠀
👉u-credit.kg